Кыргызстан бюджетине 2 айда "Google салыгынан" 369,3 млн сом түштү
2026-жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бюджетине чет өлкөлүк компаниялар көрсөткөн электрондук кызматтарга салынуучу кошумча нарк салыгынын (КНС), башкача айтканда "Google салыгынын" эсебинен 369 млн 308,7 миң сом (болжол менен 4,2 млн доллар) түшкөнү Финансы министрлигинин отчетунда айтылат.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 108,4 миллион сомго көбөйгөн.
Салык кодексине ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып электрондук форматта кызмат көрсөткөн бардык чет өлкөлүк компаниялар Кыргызстанда кошумча нарк салыгын төлөөгө милдеттүү. КНСтин ставкасы көрсөтүлгөн кызматтардын суммасынан 12%ды түзөт.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча "Google салыгынан" бюджетке 1 млрд 278,2 млн сом түшкөн.