Кыргызстанда жалпы 196 гектар жер айдалды
Өлкө боюнча учурда 196,3 миң гектар жер айдалып, план 15,7%га аткарылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,9 миң гектарга көп.
Облустар арасында Баткен облусу эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, пландын 36,5%ын (24,5 миң га) бүтүрдү. Чүй облусунда 107,0 миң гектар (25,8%), Ош облусунда 43,8 миң гектар (24,2%) жер айдалды. Жалал-Абад облусунда план 11%, Ысык-Көл облусунда 1,5% жана Талас облусунда 0,3%га аткарылса, Нарын облусунда айдоо иштери али баштала элек.
Жаздык дан өсүмдүктөрүн себүү боюнча республикалык план 519,3 миң гектар болсо, учурда 115,6 миң гектар жерге себилди (22,3%). Анын ичинен буудай 34,6 миң гектар аянтка себилип, план 34,9%га жетти. Арпа себүү иши 246,7 миң гектар пландын ичинен 80,5 миң гектарда аткарылып, 32,6%ды түздү. Жүгөрү себүү боюнча иштер республика боюнча али баштала элек.
Башка айыл чарба өсүмдүктөрүнөн болсо, картошка, күрүч, кант кызылчасы себилди.