Ысык-Ата районунда декадалык суу сактагычтын курулушу башталды
Бүгүн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жайылма айыл өкмөтүнө караштуу Туз айылында декадалык жөнгө салуу бассейнинин курулушуна капсула салынды. Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышты.
Министр өз сөзүндө долбоордун аймак үчүн маанисин белгилеп, ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо жана айыл чарбасын колдоодо негизги багыттардын бири экенин айтты.
“Бул суу сактагычтын реконструкцияланышы аймактагы дыйкандар үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Сугат суу менен камсыздоо жакшырып, жерлердин түшүмдүүлүгү жогорулайт. Натыйжада айыл чарба өндүрүшү көбөйүп, жергиликтүү тургундардын жашоо-шарты да жакшырмакчы”, — деди министр Эрлист Акунбеков.



Туз декадалык жөнгө салуу бассейни 1987-жылы пайдаланууга берилген. Реконструкциялоого чейин анын суунун топтолгон кубаттуулугу 800 миң куб метрди түзүп келген. Реконструкция иштеринен кийин бассейндин сугат суусун топтоо мүмкүнчүлүгү кыйла көбөйүп, 1 млн 947 миң куб метрге жетет.
Бул бассейн суу тартыш болгон мезгилде Жайылма айыл аймагындагы Туз айылынын 1300 гектар сугат жерин суу менен камсыздайт. Ал эми суу мол болгон учурларда Чоң-Далы жана Сары-Жон айылдарынын кошумча 1100 гектар сугат жерине да сугат суусу берилет.
Мындан тышкары, Туз декадалык жөнгө салуу бассейни Батыш Чоң Чүй каналына жана Чыгыш Чоң Чүй каналына суу берүү системасын толуктап турат. Долбоор ишке ашырылган соң аймактагы сугат суу менен камсыздоо кыйла жакшыртылып, айыл чарба өндүрүшүнүн өсүшүнө шарт түзүлөт.