"Жыргалаң" курортунда гондолалуу аркан жол сыналып жатат
Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң тоо-лыжа курортунда аркан жолдун кабиналары орнотулганын Ала-Тоо Резорт ААКсы билдирди.
Компаниянын маалыматына ылайык, В1 жана В2 линияларында сыноо иштери башталды. Анда австриялык Doppelmayr компаниясынын заманбап гондолалуу кабиналары колдонулууда. Алар эл аралык коопсуздук стандарттарына жооп берет.
Белгиленгендей, кабиналар жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулугу жана ишенимдүүлүгү менен айырмаланат. Сыноо учурунда адистер негизги системаларды текшеришет: кыймыл механизмдеринин иштешин, туруктуулукту, асма жабдуулардын ишин, ошондой эле башкаруу жана коопсуздук системаларын.
Компанияда белгилешкендей, бул сыноолор аркан жолду ишке киргизүүнүн алдындагы маанилүү этап болуп саналат жана жабдуунун жүргүнчүлөрдү кабыл алууга даяр экенин тастыктоого тийиш.