Кытай Россия газын 3 эсе кымбат сата баштады
Кытай суюлтулган жаратылыш газын(СЖГ) рекорддук көлөмдө кайра сатып, баанын кескин өсүшүнөн пайда көрө баштады деп билдирет Reuters. АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу башталгандан кийин Азияда суюлтулган газдын баасы болжол менен 85%га өстү. Себеби СЖГ агымдарынын болжол менен 20%ы өтүүчү Ормуз кысыгы аркылуу жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учураган.
Кытайга СЖГ импорттоо да кескин кыскарды: март айында ал 3,68 млн тоннаны түзүп, 2018-жылдын апрелинен берки эң төмөнкү деңгээлге түштү. Бирок Кытай газды Россиядан алып, ошондой эле өзүнүн ички өндүрүшүнө таянууда. "Түтүк аркылуу жеткирүүлөр жана ички өндүрүш туруктуу бойдон калууда", — деп белгилейт Kpler компаниясынын аналитиги Нельсон Сюн.
Март айында Кытай 10 партияга чейин СЖГны кайра саткан — бул байкоолор тарыхындагы эң жогорку айлык көрсөткүч (ICIS, Kpler жана Vortexa маалыматтары боюнча). Жыл башынан бери 1,31 млн тонна СЖГ (19 партия) кайра сатылды, ал эми 2025-жылдын ичинде жалпысынан 0,82 млн тонна болгон. Негизги багыттар — Түштүк Корея (10 партия), Таиланд (5), ошондой эле Япония, Индия жана Филиппиндер.
Кытай арзан узак мөөнөттүү келишимдер менен кымбат спот-рыноктун ортосундагы айырмадан пайда табууда. Россиядан түтүк аркылуу келген газ Кытайга болжол менен 1000 куб метр үчүн 250 долларга түшөт. Ошол эле учурда Азиядагы спот баалар 1000 куб метр үчүн 830 долларга чейин өскөн. Кайра сатууда Кытайдын кирешеси сатып алуу баасынан үч эсеге чейин жогору болушу мүмкүн. Ар бир стандарттуу СЖГ партиясы (болжол менен 70 млн куб метр) 40 млн долларга чейин пайда алып келиши мүмкүн.
Ошондой эле Кытай Новатэк компаниясынан СЖГны арзандатуу менен сатып алган. "Арктик СЖГ-2" долбоорунан келген отунга кеминде өткөн жайдын аягынан бери кытайлык сатып алуучулар үчүн 30–40%дык арзандатуу берилүүдө. Теориялык жактан бул да кайра сатууда кирешени көбөйтүшү мүмкүн.
Кайра сатуу көлөмүнүн өсүшү Кытайдагы ички суроо-талаптын төмөндөшү менен байланыштуу. "Ички суроо-талап алсыз болгон шартта сатып алуучуларга партияларды чет өлкөгө кайра сатуу пайдалуураак", — дейт ICIS аналитиги Ван Юаньда. Март айындагы кайра сатылгандардын дээрлик жарымы CNOOC компаниясынын Цзянсу провинциясындагы Биньхай терминалына туура келген.