Кытайга азык-түлүк экспорттоочулар үчүн жаңы каттоо талаптары киргизилет
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын №280 буйругу тууралуу маалымдады. Бул талаптар 2026-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жаңы тартипке ылайык, Кытайга азык-түлүк продукциясын экспорттоочу чет өлкөлүк ишканалар CIFER мамлекеттик маалыматтык системасында милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек. Ошондой эле продукцияны баалоодо тобокелдикке негизделген ыкма колдонулат.
Каттоо экспорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы аркылуу жүргүзүлүп, анын жарактуулук мөөнөтү 5 жылды түзөт. Талаптар сакталбаган учурда каттоо токтотулушу же жокко чыгарылышы мүмкүн.
Департамент жаңы эрежелер продукциянын коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталганын белгилеп, экспорттоочуларды алдын ала даярданууга чакырат. Ошондой эле тиешелүү консультация жана колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.