Сомду көчүрүү эрежелерин бузгандарга 17 миң сомго чейин айып пул салынат
Кыргызстанда улуттук валютанын сүрөттөрүн жарнамада колдонууда Улуттук банк белгилеген эрежелерди сактоо зарыл экенин Улуттук банктын накталай акча жүгүртүү башкармалыгынын башкы эксперти Күмүшай Артыкова билдирди.
Анын айтымында, Улуттук банк банкноттор менен тыйындардын эмитенти катары аларды кайра чыгарууга (сүрөтүн колдонууга) атайын талаптарды бекиткен. Белгиленген эрежелер сакталган учурда банкноттордун сүрөттөрүн жарнамалык максатта колдонуу үчүн лицензия же атайын уруксат талап кылынбайт.
Тактап айтканда, банкнотторду өлчөмү жана түсү боюнча түп нускасына толук окшош кылып чыгарууга тыюу салынат. Мындай учурда, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 304-беренесине ылайык, айып пул каралган:
- жеке жактар үчүн — 55 эсептик көрсөткүч (5500 сом)
- юридикалык жактар үчүн — 170 эсептик көрсөткүч (17 000 сом)
Артыкова белгилегендей, 2025-жылы банкнотторду мыйзамсыз көчүрүүнүн эки учуру катталган. Мыйзам бузуулар базарларда да аныкталган, анда акчага окшош сүрөттөр сатылган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынган.
Банкноттордун сүрөттөрүн туура колдонуу үчүн төмөнкү талаптар бар:
- чоңойтуп колдонууда — оригиналдан кеминде 150% болушу керек
- кичирейтип колдонууда — оригиналдын 50%дан ашпоого тийиш
- оригиналдан айырмаланган бир же бир нече түстө колдонууга уруксат берилет
Санарип сүрөттөр үчүн кошумча талаптар:
- сүрөттүн сапаты (разрешение) 72 dpiден ашпашы керек,
- сөзсүз түрдө диагонал боюнча "үлгү" деген жазуу болушу керек,
- узундугу сүрөттүн кеминде 10%ын түзүшү керек,
- тамгалардын бийиктиги сүрөттүн туурасынын кеминде 10%ы болушу зарыл.