Мамлекеттик салык кызматы алдыда 360 млрд сом салык чогултууну көздөп жатат – А.Шыкмаматов
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов алдыда 360 млрд сомго чейин салык чогултуу ишеничи бар экендигин “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Ал өз сөзүндө, Салык кызматы элден салыкты чогултканы менен чогулган каражатты кайра эле эл өзү бөлүштүрөрүн айтты.
“Биз салык чогултабыз бирок, ошол акча келип бюджетке, казынага түшөт. Казынадан ал акчаны эл өзү мектеп, оорукана салалы, пенсияны, айлык акыны мындай кылалы деп өзү бөлүштүрөт. Бир жылдык элдин ырыскысын акылдашып, адилеттүү түрдө Жогорку Кеңештеги өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу бөлүштүрөт. Анткени, бюджетти парламент кабыл алат”,- деди Шыкмаматов.