Молдова парламентинин депутаттары КМШдан чыгууга добуш беришти

Молдова парламентинин депутаттары КМШдан чыгууга добуш беришти

Молдованын парламенти акыркы окууда өлкөнүн КМШ курамындагы мүчөлүгүнүн негизин түзгөн үч макулдашууну денонсациялоо тууралуу мыйзамдарды кабыл алды. Тиешелүү чечимдер парламенттин расмий сайтында 2-апрелде жарыяланды.

Сөз КМШны түзүү тууралуу макулдашууну жана ага кошулган протоколду (экөө тең 1991-жылдын декабрында Минск жана Алматы шаарларында кол коюлган), ошондой эле 1993-жылдын январында Минск шаарында кабыл алынган уюмдун уставын денонсациялоо жөнүндө болуп жатат. Бул чечимдерди парламенттеги 101 депутаттын 60ы колдоду.

Денонсацияны бийликтеги "Иш-аракет жана тилектештик" (PAS) партиясынын өкүлдөрү, "Демократия үйдө" партиясы, ошондой эле мурдагы премьер-министр Ион Кику ("Альтернатива" фракциясынан) колдошту.

Ал эми мыйзам долбоорлоруна коммунисттер партиясы жана социалисттер партиясы каршы добуш беришти. Коммунисттер партиясынын лидери Владимир Воронин бул чечимди "жарандарга карата чыккынчылык" деп атап, "өлкө жана анын экономикасы үчүн трагедия" экенин билдирди.

2026-жылдын январь айынын ортосунда Молдованын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Михай Попшой бийлик КМШга байланышкан үч документти денонсациялоо процессин баштаганын билдирген. Анын айтымында, бул процесстен кийин өлкө расмий жана юридикалык жактан уюмдун курамына кирбей калат.

Өкмөт март айынын ортосунда макулдашууларды денонсациялоо чечимин жактырган. Парламентте мыйзам долбоорлору биринчи окуудан 20-мартта өткөн. Экинчи окууда кабыл алынгандан кийин бийлик КМШнын Аткаруу комитетине билдирүү жөнөтөт жана 12 айдан кийин республиканын уюмдагы катышуусу токтотулат.

Попшой январда белгилегендей, Молдованын КМШ менен түзгөн 283 макулдашуусунун ичинен 71и буга чейин денонсацияланган, дагы 60ка жакыны денонсациялоо процессинде. Ошол эле учурда Кишинёв экономикалык пайда алып келген же жарандар үчүн практикалык мааниге ээ болгон, ошондой эле өлкөнүн европалык багытына каршы келбеген келишимдерден баш тартпоону көздөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолунун курулушу кайра жанданды

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолунун курулушу кайра жанданды

Ала-Бука жана Чаткал райондорун байланыштырган стратегиялык мааниге ээ Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун курулуш иштери кайра жанданды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Долбоордун алкагында 2025-жылга чейин жолдун 80 чакырымына асфальт төшөлүп бүткөрүлгөн. Учурда аба ырайынын жылышы жана ашуулардагы кардын эриши менен калган 20 чакырым тилкеде курулуш жана асфальттоо

Кыргызстанда эл аралык стандарттагы Улуттук вакцина кампасы курулат

Кыргызстанда эл аралык стандарттагы Улуттук вакцина кампасы курулат

Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук вакцина кампасын куруу долбоорун ишке ашырууну баштаганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Белгиленгендей, Министрлер Кабинетинин "Вакциналарды сактоо үчүн кампа куруу жөнүндө" тескемесинин алкагында Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык иммунопрофилактика борбору менен биргеликте бул стратегиялык долбоорду ишке ашырууну баштады. Жаңы Улуттук вакцина кампасы иммундаштыруу системасынын туруктуулугун

Быйыл 12 миң гектарга жакын бак: “Жашыл Мурас” симпозиумунун жыйынтыгы

Быйыл 12 миң гектарга жакын бак: “Жашыл Мурас” симпозиумунун жыйынтыгы

Күн мурун Манас шаарында “Жашыл Мурас” кампаниясын ишке ашырууга арналган симпозиум өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жергиликтүү бийликтин, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана фермерлер катышты. Министрдин орун басары Рустам Балтабаев кампания тоолуу аймактарды өнүктүрүүдө, деградацияланган жерлерди

BAKAI Store'дон акция! - биринчи сатып алууга 10% кешбэк

BAKAI Store'дон акция! - биринчи сатып алууга 10% кешбэк

BAKAI Store'дон сатып алуу жасап, 10% кешбэк алыңыз! BAKAI Store - бул BAKAI мобилдик банкынын ичиндеги маркетплейс. Бул жерде сиз керектүү нерселердин баарын онлайн сатып ала аласыз. Эми сатып алуудан көбүрөөк пайда алыңыз: • 10% кешбэк - чыныгы акча менен кайтарылат; • кешбэк төлөм жасалгандан кийин дароо түшөт; • сатып алуу