Президент Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктарын кеңейтип, аудиторлордун санын кыскартты
Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду. Документ менен Эсептөө палатасы жүргүзө турган аудиттин ыйгарым укуктары такталды.
Тактап айтканда, эми палата мамлекеттик жана муниципалдык катышы чоң болгон ишканаларды жана уюмдарды аудиттен өткөрөт. Ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин каражаттарды пайдалануусуна аудит жүргүзөт, эгерде алар мамлекеттик кепилдик, кепилдик милдеттенме же мамлекеттик жана башка ресурстардын эсебинен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди камсыз кылуунун башка түрлөрүн алышкан болсо.
Ошол эле учурда Эсептөө палатасынын аудиторлорунун курамы өзгөртүлдү: мурда 9 болсо, эми 3 болот.
Мындан тышкары, аларды дайындоо тартиби да өзгөртүлдү. Эми аудиторлордун бир талапкерин президент, ал эми экөөнү Жогорку Кеңеш сунуштайт.
Мыйзамдын жаңы редакциясында Эсептөө палатасында мамлекеттик жарандык кызмат өтөө жана кызматкерлерди аттестациялоо жөнүндө берене кайрадан жазылды. Баштапкы аттестация жумушка алынгандан бир жыл өткөндөн кийин өткөрүлөт, кийинкиси — эки жылда бир жолу.
Мындан тышкары, Эсептөө палатасынын жогорку органы болуп анын Кеңеши эсептелери такталды. Кеңештин курамына төрага, аудиторлор жана кызмат адамдары кирет. Анын курамы палатанын төрагасынын буйругу менен бекитилет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.