Бакыт Төрөбаев JKEEA төрагасы Тарутоко Шинджи менен кыргыз-япон кызматташтыгын талкуулады

Бакыт Төрөбаев JKEEA төрагасы Тарутоко Шинджи менен кыргыз-япон кызматташтыгын талкуулады

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев жапон-кыргыз экономикалык алмашуу ассоциациясынын (JKEEA) төрагасы Тарутоко Шинджи менен жолугушуу өткөргөнүн Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Торобаев жаңы кызматында реалдуу секторду өнүктүрүү жана эл аралык инвестицияларды тартуу үчүн жооп берерин белгилеп, Кыргызстандын инвестициялык өнөктөштүккө, анын ичинде Япония менен кызматташууга даяр экенин айтты.

Ошондой эле ал Шинджини ассоциациянын түзүлүшү менен куттуктап, анын эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн маанилүү механизм экенин белгиледи.

Жапон тарап кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин жана биргелешкен демилгелерге катышууга даярдыгын билдирди. Түз диалогдун жана институционалдык колдоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Тараптар кызматташууну өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча макулдашышты. Артыкчылыктуу багыттар катары саламаттык сактоо, билим берүү, санариптик технологиялар, туризм, энергетика, инфраструктура, ошондой эле геологиялык чалгындоо жана сейрек кездешүүчү металлдардын кендерин иштетүү аталды.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media