Бишкектин айрым аймактарында эртең муздак суу өчүрүлөт
7-апрелде саат 09:00дөн 8-апрелге караган түнкү 02:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик жана өндүрүш объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотуларын Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Суу өчүрүлө турган аймактар:
- Алыкулов — Кустанай — Муром — Садыгалиев — Лев Толстой көчөлөрүнүн аралыгы, ошондой эле Coca-Cola заводунун аймагы;
- Садыгалиев көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейин, андан ары П.Лумумба, Волкова, Кустанай, Алимжан-Ата, ЧЧК, Ленская, Космонавттар, Коммунаров көчөлөрү, Ала-Арча дарыясынын жээги, Рыскулов, Пишпек, Жамгырчинов, Кайназаров көчөлөрү жана Гатчина көчөсү;
- "Аскер шаарчасы", "Кызыл-Аскер", "110-квартал" турак жай массивдери жана "Достук" кичи району.
Өчүрүү "Батыш" суу алуучу жайында жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу жүргүзүлүп жатат.. "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундарды алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.