Жумгал районунун бюджетине аудит жүргүзүлүп, 68,2 млн сомдук бузуулар аныкталды

Жумгал районунун бюджетине аудит жүргүзүлүп, 68,2 млн сомдук бузуулар аныкталды

КРнын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмү Нарын областынын  Жумгал районунда  2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүп, бир катар мүчүлүштүктөрдү аныктады.

Аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлагандай, аудиттин жыйынтыгы боюнча баардык каржылык бузуулардын жалпы суммасы 68221,7 миң сомду түзгөн, анын ичинде 51114,4 миң сому калыбына келтирүүгө тийиш болуп, 31786,7 миң сом калыбына келтирилген.

Каржылык бузуулар бюджеттин долбоорун түзүүдөгү жана ал менен бир убакытта түзүлүүчү документтерди түзүүдөгү бузуулар, бюджетке каражаттардын келип түшүүсүн камсыздоо жана кайтаруу, каражаттарды максатсыз пайдалануу, мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана башкалар болгон.

Ошондой эле айрым айыл өкмөттөрдө жана муниципалдык ишканаларда бухгалтердик документтердин жоктугу аныкталып, материалдар укуктук баа берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлгөн.

 Аудиттин жыйынтыгы райондук администрациянын, айыл өкмөттөрдүн жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда каралып, тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү. Мындан тышкары, аныкталган бузууларды жоюу боюнча жазма көрсөтмөлөр берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 72 чакырымы асфальтталды

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 72 чакырымы асфальтталды

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу автожолун куруу жана жаңылоо иштери уланууда. Жалпы узундугу 138 чакырымды түзгөн жолдун 72 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, учурда жолдун 54,4 чакырымында курулуш иштери жүрүүдө. Анын 24,5 чакырымында жер иштери толук аяктап, асфальт төшөө башталган. Бүгүнкү күнгө карата 6

Ишкер Media
7-8-ноябрдагы майрам күндөр - дем алышка туш келди: кызматкерлер кандай иштейт?

7-8-ноябрдагы майрам күндөр - дем алышка туш келди: кызматкерлер кандай иштейт?

Кыргызстанда 7–8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү. Бул күндөр мамлекеттик майрам болгону менен, мыйзам боюнча жумуш күндөрү болуп эсептелет. Бул тууралуу Социалдык-эмгек мамилелерин изилдөө борборунан (ЦИСТО) билдиришти. Борбордун түшүндүрмөсүнө ылайык, жумасына беш күн иштеген кызматкерлер үчүн 7–8-ноябрь кадимки дем алыш күндөрү болот. Ал эми

Ишкер Media
Өлкөдө пенсия курагындагы мугалимдердин саны айтылды

Өлкөдө пенсия курагындагы мугалимдердин саны айтылды

Пенсия курагындагы мугалимдер өлкөдөгү жалпы педагогикалык жамааттын 15,5 пайызын түзөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен "Ишкер медиага" билдиришти. Министрликтин маалыматы боюнча мугалимдердин жетишсиздиги Бишкек жана Чүй облустары. "Өлкөдө негизинен 588 мугалим жетишпейт. Алар тарых, орус тили математика, информатика физика предметтерин берген мугалимдер. Ал эми өлкө боюнча жалпы

Ишкер Media
Бишкекте корей маданиятынын жана улуттук ашканасынын фестивалы өтөт

Бишкекте корей маданиятынын жана улуттук ашканасынын фестивалы өтөт

7-ноябрда саат Курманжан датканын эстелигинин жанындагы сейилдөө аллеясында “Кимчи” аталышындагы фестиваль өтөт. Иш-чараны Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурууда. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, фестивалдын максаты — борбор калаанын тургундарын жана конокторун Кореянын каада-салттары, маданияты жана улуттук ашканасы менен тааныштыруу болуп саналат. Ошондой эле

Ишкер Media