Кыргызстанда көмүскө бизнестин үлүшү 12% – А.Шыкмаматов
Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов көмүскө бизнестин үлүшү Кыргызстанда болжол менен 12% экенин "Биринчи радио" эфиринде сүйлөп жатып айтты.
Анын айтымында, өлкөдөгү бардык бизнес толугу менен көмүскөдөн чыкты деп айтууга азырынча болбойт. Учурда көмүскө бизнестин үлүшү болжол менен 12%ды түзөт.
Ал ошондой эле бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча иштер улантылып жатканын, бул процессте жазалоочу чаралар каралбаганын кошумчалады.
Эске салсак, 2024-жылы Улуттук статистика комитети көмүскө, формалдуу эмес жана мыйзамсыз экономиканын көлөмүн ички дүң өнүмдүн 19,5%ына баалаган. Эң көйгөйлүү тармактар катары кызмат көрсөтүү, соода, автоунааларды оңдоо, мейманкана-ресторан бизнеси жана курулуш тармактары эсептелет.