Кыргызстанда жалпы 95 миңден ашык айыл чарба техникасы бар

Кыргызстанда  жалпы 95 миңден  ашык айыл чарба техникасы бар

Айыл чарба министрлигинин акыркы маалыматтарына таянсак, республика боюнча бүгүнкү күндө 95 миңден ашык айыл чарба техникалары бар. Анын ичинен тракторлор 22 389 даана, соколор 11 544 даана, үрөн сепкичтер 3 468, малалар 15 467 даана, жер семирткич чачкычтар 822 даана, арык казгычтар 1 731 даана, жер тегиздегичтер 2023 даана, трактор чиркегичтери 9 169 даана жана башка техникалар.

Республиканын аймактарында жазгы талаачылык айдап себүү жумуштарына карата айыл чарба субъекттери тарабынан айыл чарба техникаларын оңдоп түзөө жана ремонтоо иштери жүргүзүлүп, техникалардын басымдуу бөлүгү сезондук жумуштарды аткарууга даяр.

Азыркы учурда айыл чарба техникаларынын жалпы даярдыгы 89%ды түздү. Республика боюнча талаачылык жумуштарына бардыгы болуп 22 389 трактордун ичинен 1972 трактор, же жалпы тракторлордун санынын 88%ы, соколордун 90%ы, үрөн сепкичтердин 90%ы, малалардын 90%ы, жер семирткич чачкычтардын 92%ы, арык казгычтардын 88%ы, жер тегиздегичтердин 88%ы, трактор чиркегичтеринин 88%ы даяр.

Талаачылык жумуштарын аткарууга жалпы региондорду алганда жалпысынан 8 миңден ашык жер айдоочу жана 3,5 миңден ашык себүүчү агрегаттар өнөктүккө катышууда.

Мындан тышкары окуңуз

Арсланбаптын жапайы алмасынан уксус өндүргөн ишкер – Мыктыбек Сабиров

Арсланбаптын жапайы алмасынан уксус өндүргөн ишкер – Мыктыбек Сабиров

Жалал-Абад облусунун Манас шаарынан чыккан жаш ишкер Мыктыбек Сабиров жапайы алмадан уксус өндүрүп, чакан идеяны ийгиликтүү бизнеске айланткан. Эколог адистигине карабай өзүнө ылайык жумуш таба албаган ал тобокелге барып, табигый продукция чыгарууну тандаган. Бүгүнкү күндө анын өндүрүшү өлкө аймагына тарап, экспортко чыгуу алдында турат. Бул маекте ишкер уксус бизнесин кантип

Баткенде “Мега Газоблок” заводу аймакты курулуш материалдары менен камсыздоодо

Баткенде “Мега Газоблок” заводу аймакты курулуш материалдары менен камсыздоодо

Баткен облусундагы “Мега Газоблок” ишканасы түштүк аймакты сапаттуу курулуш материалдары менен камсыздап жатат. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, ишканага 18 миллион доллар инвестиция салынып, завод өткөн жылдын соңунда пайдаланууга берилген. Натыйжада 50гө жакын жумушчу орун түзүлгөн. Лейлек районунун Булак-Башы айылында жайгашкан ишкананын ишмердүүлүгү менен облус жетекчиси Мамыржан Рахимов таанышып

Бишкекте КРСУ кампусун куруу макулдашуусу ратификацияланды

Бишкекте КРСУ кампусун куруу макулдашуусу ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россиянын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда Россиянын биринчи президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.  Мыйзам 2026-жылдын 18-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.  Жогоруда белгиленген макулдашуу кесиптик жогорку

Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда реконструкциялоо иштери активдүү жүрүп жатат. Долбоорго ылайык, эс алуу