Microsoft Япониянын жасалма интеллект , булут кызматтарына 10 млрд доллар бөлөт
Microsoft Япониядагы жасалма интеллект жана булут кызматтарына 10 млрд доллар бөлөрүн "Казинформ" Kyodo агенттигине шилтеме берип жазды.
Маалыматка караганда, Microsoft Япониядагы эң ири инвестиция салып, 2029-жылга чейин 1,6 трлн иенди (10 млрд доллар) бөлүп берет. Каражат өлкөнүн жасалма интеллект, булуттук эсептөөлөрү, киберкоопсуздук жана кызматкерлерди өнүктүрүү инфраструктурасын чыңдоого жумшалат.
Бул Microsoft'тун өлкөдөгү эң ири инвестициялык планы экени айтылды.
2024-жылы компания дата борборлорун жана булут кызматтарын өнүктүрүүгө 2,9 млрд доллар инвестиция салган.