Өлкөдө 534төн ашык жеке жана 6 мамлекеттик балык чарба бар
Кыргызстанда жалпысынан 540тан ашык балык чарбасы катталганын Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, аталган балык чарбалары ветеринардык-санитардык нормаларга дал келип, талаптар менен ченемдерге ылайык салынган.
"Бүгүнкү күндө балык чарбасы айыл чарба тармагынын приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат. Бул ишкердик менен алектенебиз деген жарандардын саны да аз эмес. Кирешелүү тармак катары каралганы менен, бул иш бир топ мээнетти талап кылган түйшүктүү тармак. Албетте, алардын ичинде чоң чарбалар да, өлкөбүздүн ички рыногуна иштеген майда чарбалар да бар. Ветеринардык-санитардык талаптар экспортко чыгууга багытталган чарбаларга гана эмес, бардык чарбаларга тиешелүү. Анткени бул — азык-түлүк коопсуздугу, жарандарыбыз сапаттуу жана таза азыктар менен тамактануусу керек", — деди департаменттин директорунун орун басары.
Маалымдалгандай, жалпы 540тан ашык балык чарбасынын ичинен 6 чарба мамлекеттик болуп саналат.
"Департаменттин карамагында 3 мамлекеттик мекеме жана 3 мамлекеттик балык чарбалары катталган. Булар: Өзгөн, Талас балык чарбалары жана Тоң балык өстүрүүчү заводу, ошондой эле Соң-Көл, Токтогул жана Базар-Коргон балык чарбалары. Азыркы учурда аталган 6 балык чарба "Кыргыз балык чарбасы" аталган мамлекеттик ишканага бириккен", — деди ал.