Улуу Жибек жолу поезди менен Европадан, АКШдан 60тан ашуун турист Бишкекке келди
Бишкек шаарына Германиянын туроператору Lernidee Erlebnisreisen GmbH уюштурган эл аралык туристтик поезд келди. Поезд Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу өткөн Улуу Жибек жолу багыты менен жүрөт.
"Кыргыз темир жолунун" маалыматына ылайык, поезд 6-апрелде "Бишкек-2" темир жол бекетине келип токтоду. Анын курамында 12 ыңгайлуу вагон бар.
Поездде Батыш Европадан, Түндүк Америкадан жана Чыгыш Азиядан келген 60тан ашуун турист бар.
Конокторду майрамдык программа менен тосуп алышты. Туристтер үчүн музыкалык ансамблдин концерти уюштурулуп, кыргыз элинин колдонмо өнөр буюмдары тааныштырылды. Иш-чара "Кыргыз темир жолу" жана Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан өткөрүлдү.


Компанияда белгилешкендей, поезддин жүрүү графиги так сакталып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу менен ыңгайлуулугу камсыз кылынып жатат.
Мындай туристтик маршруттар Кыргызстанды темир жол туризми үчүн жагымдуу багыт катары таанытууга жана өлкөнүн эл аралык аброюн чыңдоого өбөлгө түзөрү күтүлүп жатат.