Бишкек ЭЭЗинде декларациялык жалган маалыматтар аныкталды
Кытайдан товарларды ташып келүүдө бажы мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталганын Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты. Жеке ишкана Бишкек ЭЭЗдин “Ак-Чий” тилкесине Кытайдан товарларды ташып келүү учурунда декларацияда жалган маалыматтарды көрсөткөн.
Бажылык текшерүүдө жүктүн кошумча документтеринде көрсөтүлбөгөн товарлар, анын ичинде аккумулятордук батарейкалар, электроскутерлер үчүн генераторлор жана чынжырлуу дөңгөлөктөр табылган.
Ошондой эле декларацияланган товарлардын салмагында олуттуу айырма аныкталган.
Алдын ала баалоолор боюнча, мамлекетке келтирилген зыян 1 млн сомдон ашкан.
Бул факт боюнча материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлдү. Ал эми мамлекетке келтирилген зыяндын орду толукталды.