Кыргызстан аялдардын ден соолугу үчүн 18,4 млн сомдук дары алды
Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун Калк фондусу (ЮНФПА) тарабынан берилген мисопростол дары каражатын алды.
Бул жардам энелердин ден соолугун коргоо системасын чыңдоого, ошондой эле аялдар үчүн сапаттуу медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү:
- 350 миң таңгак (ар биринде 4 таблеткадан)
- жалпы суммасы 18,4 млн сом
Мисопростол маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирет жана бекитилген клиникалык протоколдорго ылайык колдонулат. Ал, айрыкча, акушердик-гинекологиялык жардам көрсөтүүдө татаалдашуулардын алдын алууга жардам берет.
Бул дары республика боюнча 104 медициналык уюмга (биринчи, экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги) бөлүштүрүлөт жана медициналык-социалдык тобокел тобуна кирген төрөт курагындагы аялдарга акысыз берилет.