Кыргызстанда трансферттердин тартиби өзгөртүлөт: акча кыйын аймактарга багытталат

Кыргызстанда трансферттердин тартиби өзгөртүлөт: акча кыйын аймактарга багытталат

Министрлер кабинети республиканын бюджетинен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү максаттуу трансферттердин тартибин өзгөрттү.

Документ 2025–2030-жылдарга региондорду өнүктүрүү программаларына ылайык келтирилип, өзгөчө шарттагы аймактарды колдоону күчөтүүгө багытталган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, каражаттарды бөлүүдө артыкчылык:

  • шаарларды өнүктүрүүгө;
  • өсүш борборлоруна;
  • тоо аймактарына, жетүү кыйын аймактарга;
  • чек ара райондоруна берилет.

Трансферт бөлүү жөнүндө чечим Министрлер кабинети республиканын бюджеттик мүмкүнчүлүктөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өтүнүчтөрүн эске алуу менен кабыл алат. Каражаттар аймактардын бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын жүзөгө ашырууга багытталат.

Мындан тышкары, каражаттарды бөлүүдө формулировкалар жана ыкмалар жаңыртылып, жергиликтүү бюджеттердин тең салмактуулугун камсыз кылуу механизми киргизилген.

Өкмөттүн эсептөөсүндө, бул өзгөртүүлөр бюджеттик ресурстарды региондорду өнүктүрүүгө жана аймактар арасындагы дисбалансты азайтууга эффективдүү пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Өзбекстанда саатына 260 км ылдамдыкта жүрө турган ылдам поезд ишке киргизилет

Өзбекстанда саатына 260 км ылдамдыкта жүрө турган ылдам поезд ишке киргизилет

2026-жылдын 2-майынан тарта Өзбекстанда Ташкент–Хива багыты боюнча “Жалолиддин Мангуберди” аттуу жаңы ылдам жүрүүчү поезд каттай баштайт. Бул долбоор өлкөдө заманбап темир жол каттамдарын кеңейтүүдөгү маанилүү кадам катары бааланууда. Өзбекстандын туристтик биримдигинен маалымдагандай, жаңы поезд Түштүк Кореянын Hyundai Rotem компаниясы тарабынан чыгарылып, саатына 260 чакырымга чейин ылдамдыкта жүрө алат. Курамында

Араванда 74 млн сомго жаңы мектеп курулуп бүттү

Араванда 74 млн сомго жаңы мектеп курулуп бүттү

Ош облусунун Араван районунун Гүлбаар айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу толук аяктап, жакын арада пайдаланууга берилери күтүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 74 миллион сомду түзгөн. Буга чейин айылда иштеп келген мектеп 1980-жылы ашар жолу менен административдик имарат катары

Кыргызстан халал индустриясында эл аралык позициясын бекемдөөдө

Кыргызстан халал индустриясында эл аралык позициясын бекемдөөдө

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитация борборунун директору Айнура Ахмеджанова Түркиянын Анкара шаарында өтүп жаткан I Эл аралык халал-аккредитация конгресске (1st International Halal Accreditation Congress) катышууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, конгресс 2026-жылдын 6–8-апрель күндөрү өтүп, Түркиянын Халал-аккредитация агенттиги (HAK) тарабынан уюштурулууда. Бул форматтагы алгачкы ири эл аралык иш-чара болуп

Бишкекте шаар куруу тармагы толук санариптештирилет

Бишкекте шаар куруу тармагы толук санариптештирилет

Курулуш министрлигине караштуу Архитектура жана шаар куруу департаментинин Бишкек шаардык башкы башкармалыгында шаар куруу тармагын санариптик форматка өткөрүү жана бюрократияны кыскартуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга курулуш министринин орун басары Бактыяр Станбеков, департамент директорунун орун басары Алмаз Мажитов, Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана санариптештирүү боюнча жооптуу адистер