"Нарын" ЭЭАсы WFZO уюмуна толук кандуу мүчө болду

"Нарын" ЭЭАсы WFZO уюмуна толук кандуу мүчө болду
"Нарын" эркин экономикалык аймагы World Free Zones Organization уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп, добуш берүү укугуна ээ болгонун президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, бул кадам Кыргызстандын эл аралык инвестициялык аренадагы позициясын бекемдөөгө жана глобалдык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө маанилүү салым кошот.

Жаңы статус "Нарын" эркин экономикалык аймагына:

  • алдыңкы эл аралык тажрыйбага жеткиликтүүлүк;
  • инвесторлор менен түз иштешүү мүмкүнчүлүгү;
  • эл аралык деңгээлде чечим кабыл алууга катышуу укугу сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Бул өз кезегинде аймактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатып, жаңы долбоорлорду тартууга жана кошумча жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр прокуратура мамлекеттик бюджетке 67,9 млрд сом кайтарды

Былтыр прокуратура мамлекеттик бюджетке 67,9 млрд сом кайтарды

Аяктаган кылмыш иштери жана соттук териштирүүдөн баш тартылган иштерден келтирилген зыяндын жалпы суммасы 70 млрд 680 млн сомду түзгөнүн башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бардык каражаттар толугу менен мамлекеттик бюджетке кайтарылды. "Кайтарылган каражаттын анча чоң эмес бөлүгү улуттук коопсуздук органдары тарабынан иликтенген иштерге

"Менин шаарым" тиркемесинде эми эвакуацияланган автоунааны табууга болот

"Менин шаарым" тиркемесинде эми эвакуацияланган автоунааны табууга болот

"Менин шаарым" мобилдик тиркемеси аркылуу айдоочулар туура эмес жерге токтотулуп, эвакуацияланган автоунаасынын жайгашкан жерин реалдуу убакыт режиминде билишерин Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Тиркеме аркылуу төмөнкү мүмкүнчүлүктөр бар: * автоунааны тез табуу; * атайын айып токтотмо жайынын дарегин картадан көрүү; * эвакуация кызматынын байланыш маалыматтарын алуу. Автоунаанын

Бишкек ЭЭЗинде декларациялык жалган маалыматтар аныкталды

Бишкек ЭЭЗинде декларациялык жалган маалыматтар аныкталды

Кытайдан товарларды ташып келүүдө бажы мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталганын Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты. Жеке ишкана Бишкек ЭЭЗдин “Ак-Чий” тилкесине Кытайдан товарларды ташып келүү учурунда декларацияда жалган маалыматтарды көрсөткөн. Бажылык текшерүүдө жүктүн кошумча документтеринде көрсөтүлбөгөн товарлар, анын ичинде аккумулятордук батарейкалар, электроскутерлер үчүн генераторлор жана чынжырлуу дөңгөлөктөр табылган. Ошондой эле декларацияланган товарлардын

"Кыргызстан – Борбор Азиянын энергетикалык борбору – А.Сохикян

"Кыргызстан – Борбор Азиянын энергетикалык борбору – А.Сохикян

Кыргызстан — Борбор Азиянын энергетикалык борбору экенин “Гидроэнергетика — Борбор Азия жана Каспий” эл аралык конгрессинде “Русгидро” ишканасынын эл аралык кызматташтык жана туруктуу өнүгүү боюнча директору Артем Сохикян билдирди. Ал Кыргызстан менен Россиянын энергетика тармагындагы кызматташтыгы протоколдордон же меморандумдардан эмес, эбегейсиз эмгектен жана эрктүүлүктөн башталганын белгиледи. “1960-жылдары Ленинград институтунун Нарындын кууш нугунда