Жогорку Кеңеш комитети 28,2 млн долларлык макулдашууну жактырды
Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ менен өзгөчө кырдаалдарда Кыргызстанды колдоо тууралуу гранттык макулдашууну үч окууда тең жактырды.
Каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов белгилегендей, Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга өзгөчө кырдаалдарда колдоо көрсөтүү үчүн 28,2 млн доллар өлчөмүндө грант бөлөт.
Макулдашууга ылайык, каражаттар эки механизм аркылуу берилет:
- Орточо деңгээлдеги өзгөчө кырдаалдарда бюджеттик колдоо көрсөтүү
Гранттын суммасы — 13,2 млн доллар. Бул каражаттар өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган үй-бүлөлөргө бөлүнөт. - Табигый кырсыктар үчүн облигацияларды чыгаруу
Бул механизм сейрек кездешкен, бирок өтө кыйратуучу жер титирөөлөр жана суу ташкындары сыяктуу кырсыктарга ыкчам каржылык жардам көрсөтүү үчүн каралган.
Гранттын суммасы — 15 млн доллар.