Былтыр жеке ишкерлер Соцфондго 2,2 млрд сомдон ашык төлөм төлөштү
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке ишкерлер Социалдык фондго 2 млрд 287,8 млн сом же болжол менен 26 млн доллар төлөшкөнү Соцфонддун отчетунда айтылат.
Маалыматка ылайык, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү 2025-жылга коюлган пландан 401,8 млн сомго же 21,3%га ашкан. Ошондой эле 2024-жылга салыштырмалуу 63,7%га өскөн.
Соцфонд бул олуттуу өсүштү Кыргызстандын мамлекеттик салык кызматы тарабынан "Базар" аттуу маалыматтык платформанын ишке киргизилиши менен байланыштырды. Бул система төлөмдөрдү ачык-айкын башкарууга мүмкүндүк берип, соода түйүндөрүн эсепке алууну жакшырткан жана базарларда мамлекеттик социалдык камсыздандыруу менен камтууну кеңейткен.