Кыргызстанда 232 чарбага асыл тукум чарба макамы берилди

Кыргызстанда 232 чарбага асыл тукум чарба макамы берилди

Кыргызстанда 232 чарба субъектине асыл тукум чарба макамы ыйгарылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, мал чарбачылыгынын сапатын жогорулатуу жана генетикалык ресурстарды сактоо максатында ведомство атайын комиссия түзүп, чарба субъекттерине жеринде мониторинг жүргүзгөн.

Анын жыйынтыгында 232 чарбага асыл тукум макамы берилди. Анын ичинде:

  • ири мүйүздүү мал — 84,
  • жылкы чарбачылыгы — 40,
  • кой чарбачылыгы — 97,
  • эчки чарбачылыгы — 5,
  • канаттуулар — 4,
  • аарычылык — 4,
  • топоз чарбачылыгы — 3 субъект.

Бул чаралар малдын сапатын жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле мал чарбачылыгын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Интерпол алдамчылык кылып издөөгө алынган 3 кыргызстандыкты кармады

Интерпол алдамчылык кылып издөөгө алынган 3 кыргызстандыкты кармады

Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган үч кыргызстандык жаран кармалганын ИИМ 9-апрелде кабарлады. Шектүүлөрдүн бири - ири өлчөмдөгү уурулукка шектелип жаткан 34 жаштагы С. Д. А. аттуу жаран Сербиядан кармалган. Ал Манас шаарында үйдөн мамлекеттик сыйлыктарды, ири суммадагы акча жана кымбат баалуу компьютерлерди уурдаганы үчүн издөөгө алынганы айтылды. Ал эми

Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жумуртка импорттоону токтотот

Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жумуртка импорттоону токтотот

Казакстан жумуртканы бардык өлкөлөрдөн, анын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринен импорттоону жарым жылга тыюуну пландап жатканын inbusiness.kz Казакстандын Айыл чарба министрлигинин мыйзам долбооруна шилтеме берүү менен маалымдалды. Бийлик жумуртканы жеткирүүгө транспорттун бардык түрүнө карабастан толук тыюу киргизүүнү көздөөдө. Бул демилге ички рынокту колдоо зарылдыгы менен түшүндүрүлүүдө. Казакстандын канаттуулар союзу билдиргендей, 2025-жылдын

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын билим берүү тармагына 6,36 млн доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын билим берүү тармагына 6,36 млн доллар бөлөт

Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстандагы "Келечек үчүн билим берүү" долбооруна жалпы суммасы 6,36 млн долларлык каражат бөлөт. Буга байланышту Жогорку Кеңеш 9-апрелде Кыргызстан менен аталган ассоциациянын ортосундагы макулдашууну ратификациалоо мыйзам долбоорун талкуулап, биринчи окууда кабыл алды.  Агартуу министринин орун басары Алберт Махметкуловдун айтымында, Кыргызстанга бөлүнчү

Эл аралык аудит "Кумтөрдүн" отчеттуулугун тастыктады

Эл аралык аудит "Кумтөрдүн" отчеттуулугун тастыктады

Көз карандысыз аудитордук компания Ernst & Young 2025-жыл үчүн Кумтор Голд Компани ЖАКтын финансылык отчеттуулугун текшерүүнү аяктады. Аудиттин жыйынтыгы боюнча, компаниянын отчету бардык негизги аспектилер боюнча 2025-жылдын 31-декабрына карата финансылык абалын, ошондой эле отчеттук мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын эл аралык стандарттарга ылайык туура чагылдырары аныкталды. 2025-жылдагы көрсөткүчтөр: * киреше — 1,434 млрд