"Лейлек" ЭЭАсы жандандырылат
Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы “Лейлек” эркин экономикалык аймагынын абалы менен таанышты.
Анда жетекчилер жеринде өндүрүш аймагынын ишин жандантуу маселелерин талкуулашты. Аймакка электр энергиясын жеткирүү, инвесторлорду тартуу боюнча сунуштар ортого салынды.
Учурда аймакка электр энергиясын жеткирүү үчүн Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 11 млн 500 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.



Белгиленгендей, “Лейлек” эркин экономикалык аймагынын жалпы аянты 100 гектарды түзөт. Анын ичинен 84 гектар жер аянтына Лейлек суу чарба башкармалыгы тарабынан тамчылатып сугаруу системасы аркылуу суу жеткирилип, бак отургузулган.