Жаңы Ош базары менен жаңы автовокзалга 90 чакырым электр зымы тартылат
Бишкекте көп функционалдуу шаардык комплекс курулуп жаткан аймакта, анын ичинде жаңы Ош базары жана жаңы автовокзалдын аймагында 90 чакырым өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП-3) тартылат.
Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев жана "КУЭТ" ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев Бишкек электр тармактары ишканасына барган учурда белгилүү болду.
Министр Таалайбек Ибраев 90 чакырым СИП-3 зымын тартуу долбоорун ишке ашырып жаткан курулуш-монтаждоо участогунун ишин күчөтүүнү тапшырды. Бул долбоор жаңы Ош базары жана жаңы автовокзал жайгаша турган аймакты камтыйт.
Ошондой эле ал электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Шанхай кызматташтык уюмунун иш-чараларына жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүдө сапаттуу иш жүргүзүүнү, ошондой эле үзгүлтүксүз электр камсыздоону камсыз кылууну тапшырды.