Жаңы Ош базарына жеке менчик жерлер аркылуу көпүрө, жол салынат
Бишкек мэриясынын жетекчилиги, анын ичинде мэр Айбек Жунушалиев, Новопавловка аймагында жаңы Ош базарына баруучу жолду куруу боюнча көчмө жыйын өткөрдү.
Жеринде аткаминерлер келечектеги трасса өтө турган жер тилкелеринин ээлери менен жолугушту. Долбоордо базарга чыгышы бар, көпүрөсү менен толук кандуу жол куруу, ошондой эле аны түндүк айланма жол менен туташтыруу каралган.
Мэрдин айтымында, жаңы транспорттук артерия шаардын батыш бөлүгүнөн базарга ыңгайлуу кирүүнү камсыздап, айланма жолго түз чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Жолго эки кошулуу (түйүн) куруу пландалууда.
Айбек Жунушалиев долбоорду ишке ашыруу боюнча бардык маселелерди, анын ичинде жер тилкелерине байланыштуу суроолорду ыкчам тартипте иштеп чыгууну тапшырды. Ал бул жол мамлекеттик маанидеги объект экенин белгиледи.
Мэриядан билдиришкендей, зарыл болгон учурда жерлерди алуу мамлекеттик муктаждыктар үчүн мыйзамга ылайык жүргүзүлөт. Ошол эле учурда бийлик жер ээлерине альтернативдүү тилкелерди сунуштап, маселени ыктыярдуу негизде, алардын укуктары менен кызыкчылыктарын эске алуу менен чечүүгө даяр экенин белгиледи.