АӨБ: Кыргызстанда тышкы тартыштык 45%дан 18,8%га чейин кыскарды
Бүгүн Бишкек шаарында Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү "Азиянын өнүгүүсүнө сереп — 2026" экономикалык отчётунун негизинде брифинг өткөрдү.
Иш-чарада банктын Кыргызстандагы туруктуу директору Чжэн Ву жана өлкөдөгү өкүлчүлүктүн башкы экономисти Гүлнур Керимкулова сөз сүйлөп, өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтарды тааныштырышты.
Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, акыркы жылдары Кыргызстанда тышкы экономикалык абал жакшырган. Тактап айтканда, учурдагы эсептин тартыштыгы 2023-жылы ички дүң продукциянын 45%ына чейин жеткен болсо, 2024-жылы 23,4%га чейин кыскарып, 2025-жылдын алгачкы тогуз айында 18,8% деңгээлине чейин төмөндөгөн.
Бул өзгөрүү соода тартыштыгынын азайышы жана чет өлкөлөрдөн түшкөн акча которуулардын көбөйүшү менен түшүндүрүлөт. Ошол эле учурда өлкө экономикасы мигранттардын акча которууларына көз карандылыгын сактап калууда.
Мындан тышкары, таза валюта сатуу операцияларына карабастан, өлкөнүн алтын-валюта резервдери өсүүдө. Улуттук валютанын курсу салыштырмалуу туруктуу бойдон калганы белгиленди.