Кыргызстанда электр энергиясынын 74%ын калк, 14%ын бизнес колдонот – АӨБ

Кыргызстанда электр энергиясынын 74%ын калк, 14%ын бизнес колдонот – АӨБ

Бишкек шаарында бүгүн Азия өнүктүрүү банкынын "Азиянын өнүгүүсүнө сереп – 2026-жылдын апрели" презентациясы өттү. Иш-чарада банктын Кыргызстандагы туруктуу директору Чжэн Ву жана өлкөдөгү өкүлчүлүктүн башкы экономисти Гүлнур Керимкулова сөз сүйлөштү.

Презентацияда мамлекеттик инфраструктуранын маанилүү бөлүгү — энергетика тармагы тууралуу маалыматтар айтылды.

Гүлнур Керимкулованын айтымында, Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы чоң болгонуна карабастан, жан башына электр энергиясын керектөө болгону болжол менен 2 мегаватт-саатты түзөт. Бул Евразиядагы орточо көрсөткүчтөн (3,1) жана жалпы Евразия боюнча орточодон (6,1) кыйла төмөн.

Электр энергиясын керектөөнүн түзүмү да өзгөчө:

  • турак жай сектору — болжол менен 74%
  • коммерциялык сектор — 14%.

Салыштыруу үчүн, дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөрдө калктын үлүшү 27%ды, ал эми коммерция жана өнөр жайы 42%ды түзөт.

Бул көрсөткүчтөр өлкөдө өнөр жайдын өнүгүүсү чектелүү экенин көрсөтөт. Мындан тышкары, электр энергиясын керектөө өндүрүш кубаттуулуктарынан ашып кеткен жана Кыргызстан таза экспортёрдон импортёрго айланган.

Экономист белгилегендей, эскирген энергетикалык инфраструктура, суу ресурстарынын жетишсиздиги жана электр энергиясын өндүрүүдөгү көйгөйлөр экономикага таасир берип, өсүштү жайлатып, баалардын туруктуулугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media