АӨБ: Кыргызстандын экономикасы 2026–2027-жылдары да жогорку өсүштү сактайт
Кыргызстанда ички дүң продукциянын (ИДП) өсүшү 2026-жылы 8,9%, ал эми 2027-жылы 8,4% болот. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) “Азиянын өнүгүүсүнө сереп — 2026” (Asian Development Outlook 2026) отчётунда айтылды.
АӨБдүн маалыматына ылайык, өлкө экономикасы жакынкы жылдары бир аз жайлаганы менен, жогорку өсүш темпин сактап калат. Буга чейинки жылдары көрсөткүчтөр андан да жогору болгон: 2024-жылы өсүш 11,5%, ал эми 2025-жылы 11,1% деңгээлинде бааланууда.
Отчётто белгиленгендей, экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычы — ички суроо-талап. Ошол эле учурда курулуш жана соода тармактарындагы активдүүлүк акырындап нормалдашат, бул экономиканын туруктуу нукка түшүшүнө шарт түзөт.
АӨБ бул тенденциялар аймактагы жалпы экономикалык динамикага шайкеш келип, экономика эрте турукташуу баскычына өтүп жатканын көрсөтөрүн белгиледи.