УКМКнын үч кызматкери коррупция боюнча кармалды

УКМКнын үч кызматкери коррупция боюнча кармалды

УКМК жана башка мамлекеттик органдардын ичинде системалык коррупцияны кыскартуу жана туруктуу коррупциялык механизмдерди жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, комитеттин кызматкерлери, башка кызмат адамдары жана үчүнчү жактар катышкан коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

УКМКнын маалыматына ылайык, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө мамлекеттик коопсуздук комитетинин иштеп жаткан кызматкерлери тарабынан ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылуу фактылары аныкталган.

Ушуга байланыштуу, кылмыш ишинин алкагында 2026-жылдын 9-апрелинде УКМКнын кызматкерлери А.К., А.А. жана К.Д. кармалып, мекеменин тергөө абагына киргизилди.
Мындан тышкары, ишкерлерди текшерген мамлекеттик органдардын кызматкерлери — С.У., О.Г. жана К.У. да кармалды.

Белгиленгендей, УКМК жетекчилиги системаны тазалоо, ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү саясатынын алкагында кадрдык курамды активдүү тазалоону жүргүзүп жатат.

Кампания коррупциялык иштерге жана бизнеске мыйзамсыз басым көрсөтүүгө катышкан кызматкерлерди аныктап, кызматтан четтетүүгө багытталган.

Негизги басым таза эмес кызматкерлерден арылууга жасалууда. Ошондой эле мурда мыйзам бузуулар үчүн кызматтан алынган адамдарды кайрадан укук коргоо органдарына ишке кабыл алууга тыюу салуу чаралары да каралып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан жыл башынан бери 9,3 миң тоннадан ашык кант экспорттоду

Кыргызстан жыл башынан бери 9,3 миң тоннадан ашык кант экспорттоду

2026-жылы Кыргызстандан 9 357,3 тонна кант экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл өлкө боюнча 11 800 гектар жерге кант кызылчасы айдалган. Кант кызылчасын өстүрүү жана кант өндүрүшүн өнүктүрүү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, кайра иштетүү тармагынын

Чүйдө калдыктар кайра иштетилип, башаламан таштанды төгүүчү жайлар азаят

Чүйдө калдыктар кайра иштетилип, башаламан таштанды төгүүчү жайлар азаят

Чүй облусундагы таштанды төгүлүүчү жайларда топтолгон калдыктарды Бишкектеги кайра иштетүүчү заводго жеткирүү маселеси боюнча жолугушуу өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынга Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, шаарлардын мэриялары, ошондой эле

Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 12,00 % деңгээлинде  калтырды

Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 12,00 % деңгээлинде калтырды

КРнын Улуттук банкынын Башкармасы эсептик ченди 12,00 % деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Акыркы жолу эсептик чен 2026-жылдын февраль айында 11%дан 12%га жогорулаган. Улуттук банктын өкүлдөрүнүн билдирүүсунө караганда, тышкы шарттар өлкөдөгү баалардын динамикасын аныктоочу негизги фактор бойдон калууда. Эсептик ченге байланышкан басма сөз жыйынынын жүрүшүндө төраганын орун

Кыргызстанда эт тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор ишке ашат

Кыргызстанда эт тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор ишке ашат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Ишкерлер союзунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, талкууда учурдагы инфратүзүмдү натыйжалуу пайдалануу, инвестиция тартуу жана мал өндүрүүчүлөр, бордоп семиртүүчү чарбалар менен кайра иштетүүчү ишканалардын кызматташтыгын өнүктүрүүгө көңүл бурулду. Белгиленгендей, эт багытын