Кыргызстан алкоголду колдонуу боюнча канчанчы орунда?
Кыргызстанда бир адамга жылына орто эсеп менен 5 литр таза спирт туура келерин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму алкоголдун ден соолукка тийгизген таасиринин учурдагы тенденциялары боюнча глобалдык отчетунда келтирген.
Өлкөдө эркектер орто эсеп менен 8,7 литр, ал эми аялдар 1,5 литр алкоголь колдонушат.
Азия өлкөлөрүндө алкоголду көп колдонгон 10 өлкө болсо Кыргызстан анын тогузунчусу болгон. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүндө ичимдик эң көп колдонгон 5 өлкө болсо Кыргызстан алардын биринчиси болгон.
Ал эми КМШ өлкөлөрү боюнча Кыргызстан ичимдикти көп пайдалануу боюнча 15 өлкөнүн онунчусу болгон.