Кыргызстанда чет элдик инвестициялар 9,2%дан 1,8%га чейин кыскарды — АӨБ
Кыргызстанда жеке инвестицияларды тартуу үчүн кошумча жана терең реформалар зарыл. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) "Азиянын өнүгүүсүнө сереп — 2026" экономикалык отчётуна арналган брифингде билдирди.
Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) маалыматына ылайык, өлкөдө банктарда ири көлөмдөгү каражаттар топтолуп турганы менен, бул ресурстар реалдуу секторго жетпей жатат.
Тактап айтканда, банктардагы ликвиддүүлүк жогору бойдон калууда, бирок насыялар негизинен керектөө багытына берилүүдө. Өндүрүш жана инвестициялык долбоорлорго багытталган каржылоо жетишсиз.
Мындан тышкары, түз чет элдик инвестициялар кескин кыскарган. Алардын көлөмү ички дүң продукцияга карата 9,2%дан 1,8%га чейин төмөндөгөн.
АӨБ бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир катар реформаларды сунуштайт. Атап айтканда,
• банк системасындагы ашыкча каражаттарды өндүрүш тармагына багыттоо;
• инвестициялык климатты жакшыртуу;
• чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл.
Ошондой эле, көмүскө экономиканы кыскартуу, пенсиялык фонддордун каражаттарын инвестицияга багыттоо жана акча-кредит саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу сунушталат.
Белгиленгендей, акыркы жылдары Кыргызстанда инфраструктураны өнүктүрүү, бизнести жөнөкөйлөтүү, санариптештирүү жана өнөр жай саясатын колдоо багытында реформалар башталган. Бирок жеке сектордун өсүшүн камсыз кылуу үчүн бул чараларды мындан ары тереңдетүү зарыл, - деп айтылат маалыматта.