Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт
Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады.
Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат.
Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги 2026-жылдын вегетация мезгилинде сугат суусу жетишсиз болушу мүмкүн экенин эскерткен.
Ошондуктан адистер төмөнкү чараларды сунушташууда:
- сууну үнөмдөөчү технологияларды колдонуу (тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу),
- сууга аз муктаж болгон өсүмдүктөрдү өстүрүү,
- кургакчылыкка туруктуу үрөн сортторун пайдалануу.