"Ала-Тоо Резорт" аукционунда жалпы 377,6 млн сомдук жер тилкелери сатылды
"Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа класстеринин алкагында “Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабы жыйынтыкталганын "Ала-Тоо Резорт" ААКтын башкармалыгынын мүчөсү – финансы боюнча директору Бакытбек Нарбеков билдирди.
Анын айтымында, аукциондун экинчи этабынын үчүнчү күнүндө, 10-апрелде 7 лот сатылды.
"7 лот өз ээлерин тапты. Мында 4 жылдыздуу мейманкана, эки жылдыздуу 4 апартамент, боз үй жана ресторан, ошондой эле 6 коттедж 1 лот менен сатылды. Жалпысынан 7 лот 185,4 млн сомго сатылды. Бул Улуттук банктын курсу менен 2,1 млн долларды түздү", - деди ал.
Аукциондун экинчи этабынын экинчи күнүндө, 9-апрелде жалпысынан 5 лот сатылган: 4 жылдыздуу бир мейманкана, 2 жылдыздуу 3 мейманкана жана 36 бирдиктен турган скандинавиялык стилдеги үйлөрдүн жер тилкелери.
8-апрелде болсо, аукциондун биринчи күнүндө жалпы 6 лот сатылган: 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер тилкелери.
Бакытбек Нарбеков белгилегендей, аукцион расмий түрдө жабык деп жарыяланды. Экинчи этаптын алкагында сунушталган 36 лоттун ичинен 17 лот ийгиликтүү сатылды.
"Жалпы сатылган жер тилкелеринин баасы 377,6 млн сомду же Улуттук банктын курсу менен 4,3 млн долларды түздү", - деди ал.
Эске салсак, 2025-жылдын июль айында өткөн аукциондо 49 лоттун ичинен 14 лот боюнча жеңүүчүлөр аныкталган. Алардын катарында 5 жылдыздуу жана Скандинавия стилиндеги мейманканалар, VIP-коттедж жана этношаарчадагы үйлөр сыяктуу негизги объектилер бар. Алардын баарын жергиликтүү инвесторлор сатып алышкан.
Курорттун курулушун баштоо үчүн объектилердин чек аралары такталган. Инвесторлорго жер тилкелеринин документтери берилип, бир катар объектилердин курулушу жүрүп жатат.