Президент 268 млн сом инвестициялык каражат салынган "Медимпекс" ишканасына барды

Президент 268 млн сом инвестициялык каражат салынган "Медимпекс" ишканасына барды

Президент кечээ Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө "Медимпекс" медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүчү компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкана автоматташтырылган технологияларды колдонуу менен заманбап медициналык продукцияларды чыгарат. Долбоорго салынган жалпы инвестициянын көлөмү 268 млн 550 миң сомду түздү, анын ичинде компаниянын өз каражаттары, ошондой эле фонддордон жана банк секторунан тартылган ресурстар бар. 

Ишкананын долбоордук кубаттуулугу жылына 100 млн даана продукция чыгарууга жетет. Бул ички рынокту медициналык буюмдар менен камсыздоону кыйла бекемдөөгө жана импорттон көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет.

Ишканада 40 жумуш орду түзүлгөн. Ошол эле учурда өндүрүш процессинин бир кыйла бөлүгү роботтоштурулган, бул жогорку өндүрүмдүүлүктү, продукциянын сапатын жана заманбап стандарттарга шайкештигин камсыз кылат. 

Мамлекет башчысы медициналык шприцтерди өндүрүүнүн технологиялык процесси, заманбап жабдуулардын иштеши жана ишканада автоматташтыруу деңгээли менен таанышты.

Ал ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүнүн, инновациялык технологияларды киргизүүнүн жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайдагы Совет айылында ичүүчү суу системасы курулуп жатат

Кадамжайдагы Совет айылында ичүүчү суу системасы курулуп жатат

Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл өкмөтүнө караштуу Совет айылында ичүүчү суу системасын куруу иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бул иштер “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоорду Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин Долбоорлорду ишке ашыруу тобу

Ошто кооптуу каналдар иретке келтирилип, жээктери бекемделет

Ошто кооптуу каналдар иретке келтирилип, жээктери бекемделет

Ош шаарында кооптуу каналдарды иретке келтирүү жана жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаар мэри Жанарбек Акаев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жана тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте каналдардын абалын жеринен көрүп чыкты. Текшерүүнүн

Россиялык серепчилер май айында доллар 70–75 рублга түшүшү мүмкүндүгүн болжошууда

Россиялык серепчилер май айында доллар 70–75 рублга түшүшү мүмкүндүгүн болжошууда

Россиялык сеперпчилердин баамында, жакынкы айларда рубль күчтөнүп, доллардын курсу төмөндөшү ыктымал. Бул тууралуу «БКС Мир инвестиций» компаниясынын башкы экономисти Илья Федоров РИА Новостиге билдирген. Анын айтымында, учурда валюта рыногундагы баланс рублдин пайдасына өзгөрүп, май айында доллардын курсу 70–75 рублга чейин түшүшү мүмкүн. Азыркы учурда доллардын курсу болжол менен 76,

Садыр Жапаров Аравандагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Садыр Жапаров Аравандагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун Гүлбаар айылындагы №47 Эргеш Кебекбаев атындагы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Мурда бул окуу жай 1980-жылы ашар ыкмасы менен курулган имаратта жайгашып, 2024-жылы авариялык абалда деп табылган. Ошол эле жылы капиталдык салымдардын эсебинен 150