Россия Кыргызстанда жылыга 25 миңге чейин унаа чыгарууну көздөйт – С.Вакунов
Россия Федерациясынын элчиси Сергей Вакунов радио эфиринде Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын учурдагы багыттары жана келечеги тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, толук ишке ашпай жаткан багыттардын бири — өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү. Бул форматта долбоорлор эки өлкө тарабынан биргелешип ишке ашырылат. Ал экономикалык байланыштарды дал ушул багытта өнүктүрүү зарыл экенин кошумчалады.
Элчи билдиргендей, мындай биринчи долбоор буга чейин эле ишке ашырылып жатат — Кыргызстан, Россия жана Беларусь катышкан компьютердик блокторду жана компьютерлерди өндүрүү.
"Пландоого ылайык, 2030-жылга чейин 175 миң компьютер чогултулушу керек", — деди ал.
Ошондой эле анын айтымында, Кыргызстанда жылына 25 миңге чейин жеңил автоунаа чыгара турган автожыйноо өндүрүшүн ачуу маселеси да каралууда.
Калк үчүн эң маанилүү долбоорлор тууралуу айтып жатып, ал "Газпром" компаниясынын Кыргызстанды газдаштырууга катышуусун белгиледи. Анын маалыматы боюнча, компания буга чейин газ бөлүштүрүү тармактарын калыбына келтирүүгө болжол менен 400 млн доллар инвестиция салган.
"2030-жылга чейин өлкөнүн газга болгон муктаждыгынын 60%ын камсыз кылуу максаты коюлган. Бул үйлөрдө жылуулук, таза аба жана жарандардын саламаттыгынын жакшырышы дегенди билдирет", — деди ал.
Дипломаттын маалыматы боюнча, Кыргызстанда Россиянын катышуусу менен болжол менен 1,7 миң ишкана иш алып барат, ал эми топтолгон инвестициялардын жалпы көлөмү 1,5 млрд долларды түзөт.
Ал кошумчалагандай, кызматташуунун түзүмү да өзгөрүүдө — IT, киберкоопсуздук жана кайра жаралуучу энергия булактары (анын ичинде шамал парктары жана күн электр станциялары) тармагындагы долбоорлордун ролу өсүп жатат.