Россияда кытайлык жумушчулар нааразылык акциясына чыгышты
Кечээ Россиянын Комсомольск-на-Амуре шаарында жүзгө чукул кытайлык жумушчулар акцияга чыгышты. Алар шаардын көчөлөрү менен Россия президенти Владимир Путинден жана "Роснефть" компаниясынын башчысы Игорь Сечинден жардам сурап, кытайча жана орусча жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышканын "Азаттык" жазды.
Марштан соң алар Первостроители проспектисиндеги газондорго жана жол жээгинде отурушту.
Алар "Роснефть" ишканасынын мунай заводу менен катар жайгашкан "Петро-Хэхуа" компаниясынын куруучулары экени айтылды.
Шаар башчысы Дмитрий Заплутаев кытайлык жумушчулардын максаты айлык акы төлөнбөй жатканына көңүл бурдуруу экени билдирди. Кийинчерээк прокурорлор текшерүү баштаганы маалым болду.