Органикалык калдыктардан компост, биогаз өндүрүүдөн эмне утабыз?

Органикалык калдыктардан компост, биогаз өндүрүүдөн эмне утабыз?

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Кыргыз Республикасынын аймагында органикалык калдыктар менен иштөө тартиби жөнүндө" Министрлер Кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документ "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" мыйзамды жана Бажы союзунун ТР ТС 021/2011 техникалык регламентин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Анын негизги максаты — органикалык калдыктарды туура башкарууну жөнгө салуу жана алардын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу.

Негиздемеде айтылгандай, учурда Кыргызстанда органикалык калдыктардын көпчүлүгү экологиялык талаптарга жооп бербеген полигондорго ташталат. Бул метан газынын бөлүнүп чыгышына (ал көмүр кычкыл газына караганда 25 эсе күчтүү), топурактын жана жер алдындагы суулардын уулуу заттар менен булганышына алып келет.

Токтом долбоору органикалык калдыктарды көмүү көлөмүн 80%га кыскартуу, калкты, соода жайларын, айыл чарба ишканаларын жана коомдук тамактануу жайларын калдыкты өз-өзүнчө чогултууга өткөрүү, биогаз курулмаларын куруу жана компост уюштуруу үчүн шарт түзүү чараларын карайт.

Колдонулуучу технологиялардын катарында компост жасоо, анаэробдук ачытуу (биогаз алуу), вермикультивация, биологиялык иштетүүгө болбогон калдыктарды термикалык жол менен жок кылуу бар.

Адистердин эсептөөсү боюнча, 1 тонна органикалык калдыктан 100 куб метрге чейин биогаз алууга болот.

Документте органикалык калдыктарды кайра иштеткен ишканаларды экономикалык жактан колдоо механизмдери да каралган. Министрликтин баамында, бул тармакты өнүктүрүү айыл чарбасында химиялык жер семирткичтерге көз карандылыкты азайтып, жаңы жумуш орундарын түзөт.

Мындан тышкары, бул демилге Париж макулдашуусу алкагындагы милдеттенмелерге жана туруктуу өнүгүү максаттарына шайкеш келет.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media