Каракол шаарындагы эки көчө оңдолот

Каракол шаарындагы эки көчө оңдолот

Каракол шаарынын мэри Талантбек Имановдун демилгеси жана көзөмөлү астында союз мезгилинен бери асфальт төшөлбөй келген Манас көчөсүнө капиталдык реконструкция жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Узундугу 1 чакырымды түзгөн көчө заманбап талаптарга ылайык, эки тилкелүү болуп курулуп, эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар салынат. Мындан тышкары сугат суу арыктары курулуп, көчө толугу менен түнкү жарыктандыруу менен камсыздалат.

Ошондой эле Бектенов көчөсүндө да ири курулуш иштери жүргүзүлөт. Узундугу 2 чакырым болгон бул көчө толугу менен жаңыланып, эки тилкелүү жол, тротуарлар, суу арыктары жана заманбап жарыктандыруу системасы менен жабдылат.

Каракол шаарынын мэри белгилегендей, шаар тургундары тарабынан көп жылдан бери көтөрүлүп келген бул маселелерди чечүү шаар бийлигинин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Белгиленген долбоорлордун курулуш иштерин ушул жылдын ичинде толук аяктоо пландалууда. Долбоорлор ишке ашкандан кийин жүздөгөн шаар тургундары үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап шарттар түзүлүп, унаа жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылы кыйла жеңилдейт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

30-сентябрда Будапеште Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевдин Венгриянын президенти Андраш Балинт Бакага ишеним грамотсын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, салтанат Шандор сарайында өтүү. Жолугушуу учурунда элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын айтты. Расмий бөлүктө баарлашуулар болуп, анда эки тараптуу мамилени өнүктүрүү, эки

Ишкер Media
Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны акыркы беш жылда 146 миңден ашуунга же 25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата маалымдады. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын башына карата өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу 737 миң адам катталган. Бул жалпы калктын 10%

Ишкер Media
Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media