Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги 10-мартта Евразия экономикалык комиссиясына расмий кайрылуу жолдогону ЕАЭБ порталында жарыяланган.

Россия тараптын пикиринде, Кыргызстанда айыл чарба балыктары үчүн тоюттарга карата кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча артыкчылыктуу шарт түзүлгөн. Тактап айтканда, жергиликтүү өндүрүштөгү тоюттар үчүн башка ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген продукцияга салыштырмалуу жеңилдик берилген деп эсептелүүдө.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2027-жылдын аягына чейин жергиликтүү балык тоюттарын жеткирүүгө 0% КНС коюлган. Ал эми ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөрдөн, анын ичинде Россиядан импорттолгон тоюттарга 12% КНС колдонулат.

Россия тарап муну биримдиктин алкагындагы атаандаштык шарттарын бузушу мүмкүн деп эсептейт.

Сөз Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-декабрындагы №816 токтому тууралуу болууда. Бул документ азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынган (2026-жылдын 12-февралындагы өзгөртүүлөр менен).

Азыркы учурда маселе ЕАЭБ алкагында каралып, тараптардын позициялары талкууланышы күтүлүп жатат.

Бул кайрылуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн (Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия) бири ЕЭКке ички рынокто мүмкүн болгон тоскоолдуктарды аныктоо үчүн расмий кайрылган форматы болуп саналат.

Мындай учурда комиссия төмөнкү кадамдарды жасай алат:

  • кайрылууда көрсөтүлгөн маселени талдайт
  • эгер чындап эле тоскоолдук (барьер) бар деп тапса
  • тиешелүү өлкөнүн өкмөтүнө аны жоюу боюнча сунуш (же кат) жөнөтөт

ЕЭК — бул ЕАЭБдин негизги жөнгө салуучу органы болуп эсептелет. Анын кызматкерлери мүчө өлкөлөрдүн жарандарынан дайындалып, көпчүлүгү мурда ошол өлкөлөрдүн өкмөттөрүндө иштеген адистер болот.

Ошондой эле расмий статистикада Россиядан Кыргызстанга балык тоюттары канча көлөмдө импорттолору өзүнчө көрсөтүлбөйт. Бирок жалпы маалыматка ылайык, Россия 2025-жылы Кыргызстанга бардык түрдөгү мал азыктарын 11,3 млн долларга экспорт кылган.

Мындан тышкары окуңуз

Ишкерлердин жеңилдетилген насыяларга жетүүсү эмнеге кыйын? – эксперттен жооп

Ишкерлердин жеңилдетилген насыяларга жетүүсү эмнеге кыйын? – эксперттен жооп

Кыргызстанда акыркы жылдары бизнеске колдоо саясаты күчөтүлүп, анын ичинде айыл чарбасын насыялоо кеңейтилип, тигүү тармагын каржылоо да башталган. Бирок ишкерлердин айтымында, жеңилдетилген насыяларга жетүү дагы деле кыйын бойдон калып жатканын экономикалык эксперт Мухтар Жумалиев радио эфиринде билдирди. Анын сөзүнө караганда, чакан жана орто бизнес үчүн негизги көйгөй — каржылоого жетүүнүн чектелиши.

Кыргызстанга  90дон ашык турист поезд менен келди

Кыргызстанга 90дон ашык турист поезд менен келди

Бүгүн, 17-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан Бишкек шаарына Англиянын «GOLDEN EAGLE TRAINS» компаниясына таандык эл аралык туристтик поезд келди. Поезд менен Батыш Европадан, Түндүк Америкадан жана Чыгыш Азиядан туристтер келишти. Бул тууралуу  “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти. Маалыматка таянсак, “Кыргыз Темир жолу” ишканасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын кызматкрлери туристтерди

Кыргызстандык ишкерлер Вашингтондогу инвестициялык форумга катышат

Кыргызстандык ишкерлер Вашингтондогу инвестициялык форумга катышат

Америкалык соода палатасынын иши алкагында Кыргызстандан бизнес-делегация түзүлүп, АКШнын Вашингтон шаарында 3–6-май күндөрү өтө турган ири инвестициялык форум — SelectUSA Investment Summitга катышат. Бул тууралуу Америкалык соода палатасынын аткаруучу директору Алтынай Асанова 16-апрелде радио эфиринде билдирди. Анын айтымында, форум АКШнын Соода министрлиги тарабынан уюштурулуп, АКШнын 50 штатынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен

Кыргызстанда жыл башынан бери суусундук өндүрүү 34,5%га өстү

Кыргызстанда жыл башынан бери суусундук өндүрүү 34,5%га өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча тамак-аш жана суусундук өндүрүшү олуттуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистика комитети маалыматына ылайык, тамак-аш продуктыларын, суусундуктарды жана тамекини кайра иштетүүнүн жалпы көлөмү 25 млрд 617,1 млн сом болду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,9% өсүштү көрсөтөт. Негизги көрсөткүчтөр: * Тамак-аш өндүрүшү — 17,55