Кыргызстанда мугалимдер үчүн KPI системасы киргизилет

Кыргызстанда мугалимдер үчүн KPI системасы киргизилет

Кыргызстандагы мектептерде 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында мугалимдерге алардын иш жыйынтыгына жараша кошумча төлөмдөр караларын маалымат жыйынында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, жакынкы үч жыл ичинде мугалимдер үчүн KPI (негизги көрсөткүчтөр) системасын киргизүү пландалып жатат. Ошондуктан мугалимдердин айлыгы массалык түрдө көбөйтүлбөйт, көбүнчө жекече (натыйжага жараша) жогорулатылат.

Догдуркүл Кендирбаева буга чейин STEM багытындагы мугалимдерге 20% кошумча төлөм каралганын эске салды. Себеби бул предметтер боюнча сааттар аз болуп, алардын айлыгы башка мугалимдерге салыштырмалуу төмөн болуп келген.

1-апрелден тартып эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттары киргизилип, бардык педагогдор үчүн бирдиктүү коэффициент колдонулууда. KPI киргизилгенден кийин мугалимдер көбүрөөк киреше табууга мүмкүнчүлүк алышат.

Министр кайсы мугалимдер эң жогорку же эң төмөн айлык аларын тактаган жок. Анын айтымында, башкалардын кирешесин эсептөө туура эмес: ар кимдин жеке чыгымдары — өзү, үй-бүлөсү жана ата-энеси үчүн — ар башка болушу мүмкүн. Мугалимдер да жеке чектерин сактоону суранышкан.

Кыргызстанда 1-апрелден тартып мугалимдердин айлыгы 100%га жогорулатылган. Ошол эле учурда баарына бирдиктүү коэффициент киргизилип, мугалимдер ай сайын колуна канча акча ала турганы боюнча мисалдар да келтирилген.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media