Кыргызстан менен Беларустун соода көлөмү 206 млн долларга жакын болгон

Кыргызстан менен Беларустун соода көлөмү 206 млн долларга жакын болгон

Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Адылбек Касымалиев жана расмий сапар менен өлкөгө келген Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев белгилегендей, Беларусь Премьер-министринин бул сапары кыргыз-беларусь кызматташтыгын мындан ары чыңдоодо маанилүү этап болуп, өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча өз ара аракеттенүүгө кошумча динамика берет.

Адылбек Касымалиев эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташтыктын туруктуу оң динамикасы байкалып жатканын белгиледи. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара сооданын көлөмү 206 миллион долларга жакын болуп, мурунку жылга салыштырмалуу 54%дан ашык өскөн. 

Ушул контекстте ал кыргыз-беларусь кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, өнөр жай жана технологиялык кызматташтыкты тереңдетүү зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстан менен Беларусь Республикасынын ортосундагы 2030-жылга чейин соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасын ишке ашыруу бул жагынан өзгөчө мааниге ээ, алар өз ара сооданын көлөмүн 500 миллион долларга жеткирүүнү караштырат. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media