Кыргызстан текстиль кластерин түзүүнү демилгеледи

Кыргызстан текстиль кластерин түзүүнү демилгеледи

 5-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин төртүнчү кеңешмесинин жүрүшүндө Кыргызстан  ШКУга мүчө мамлекеттердин бирдиктүү текстиль кластерин түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу демилгеси менен чыкты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жеңил жана текстиль өнөр жайы салттуу түрдө экономикалык өсүштүн, жаңы жумуш орундарын түзүүнүн жана мамлекеттердин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн негизги кыймылдаткычтарынын бири болуп саналарын белгиледи.

“Жеңил жана текстиль өнөр жайы жогорку социалдык мааниге ээ тармак болуп саналат. Ошол эле учурда дүйнөлүк чакырыктардын күчөшү жана эл аралык атаандаштыктын өсүшү кызматташуунун жаңы форматына өтүүнү талап кылууда. Бүгүнкү күндө ШКУ мейкиндиги жөн гана чийки заттарды сатуу модели менен чектелип кала албайт. Өлкөлөрүбүз пахта, жүн, жибек жана башка ресурстарды экспорттоп, кайра даяр продукцияны импорттоо менен улуттук экономикаларда кала турган кошумча нарктын олуттуу бөлүгүн жоготуп жатат”, – деди министр.

Анын айтымында, ШКУ өлкөлөрүнүн алдында өз алдынча жүргүзүлгөн соода операцияларынан терең өнөр жай кооперациясына өтүү жана чийки зат базасынан баштап даяр продукция чыгарууга чейинки толук циклдүү туруктуу өндүрүштүк-технологиялык чынжырларды түзүү боюнча стратегиялык милдет турат.

Дал ушул максаттарды ишке ашырууга багытталган Кыргызстандын демилгеси ШКУга мүчө мамлекеттердин өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн интеграциялоого жана узак мөөнөттүү өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бирдиктүү текстиль кластерин түзүүнү көздөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media