Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 1 млрд доллардан ашты

Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 1 млрд доллардан ашты

23-июнда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 12-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында болду. 

Отурумда Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин кызыкчылыктары үчүн эки мамлекеттин саясий кызматташтыгы өлкө лидерлеринин аркасында мындан ары дагы кеңейтилээри, аны менен катар соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлор жана демилгелер жигердүү илгериленип, аймактар аралык кызматташуу өнүгүп, тиешелүү “жол карталарында” бекитилген макулдашуулар ийгиликтүү ишке ашырылып жатканы белгиленди. 

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан Өзбекстан менен соода-экономикалык тармакта кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берээрин, бул багытта өз ара сооданын тынымсыз өсүп жатканын белгиледи.

“2025-жылдын аягына чейин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода жүгүртүү 1 млрд доллардан ашып, бул 2024-жылга салыштырмалуу 19%га өстү. Акыркы беш жылдын ичинде эки эсе өскөнүн баса белгилегим келет. Биз биргелешип алдыга амбициялуу, аткарыла турган максатты койдук, 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү”,  –  деди Адылбек Касымалиев. 

Ошондой эле эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып жаткан Кыргызстан – Өзбекстан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн активдештирүү, жетишилген макулдашууларга ылайык, анын уставдык капиталын көбөйтүү айтылды.

Мындан тышкары, транспорт тармагындагы кызматташтык экономикалык интеграциянын негизги фактору бойдон кала берээри, 21-кылымдын заманбап “Жибек жолуна” айлана турган “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору ишке ашырылып жатат. Энергетика тармагындагы стратегиялык мааниге ээ, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууну тыгыз координациялоо улантылууда. 

Өз кезегинде Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бүгүнкү сүйлөшүүлөр Өзбекстан менен Кыргызстандын бир тууган элдеринин жыргалчылыгына багытталган конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга жана өзбек тарап дайым даяр жана кызыкдар экенин билдирди. 

Отурумдун соңунда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 12-жыйынынын протоколуна кол коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө жаңы үлгүдөгү 20 жана 50 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Өлкөдө жаңы үлгүдөгү 20 жана 50 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Бүгүндөн тартып Кыргызстанда 2026-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 50 сом номиналындагы жаңы банкноттор жүгүртүүгө киргизилди. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы банкноттор "Борбор-Азия Корголгон Басма Басмаканасы" ЖЧКсы тарабынан даярдалган. Банкноттордун дизайнында олуттуу өзгөрүү жок. Алардын алдыңкы бетинде тарыхый инсандардын портреттери, арткы бетинде тарыхый-маданий объектилер

Ишкер Media
Ош менен Франциянын кызматташтыгы талкууланды

Ош менен Франциянын кызматташтыгы талкууланды

Кечээ Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдирди. Анда Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Маалыматка ылайык, тараптар маданият, илим, инвестиция жана туризм тармактарында байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Ишкер Media
Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкек шаарында 28-октябрдан тарта жылытуу сезону башталат. Учурда муниципалдык "Бишкек ЖЭБ" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ишканалары жылуулук берүүгө даяр. "Бишкек ЖЭБ" мекемеси билдиргендей, имараттар жылуулук берүү тутумуна этап-этабы менен кошула баштайт. Биринчи кезекте жылуулук мектептерге, бала бакчаларга жана саламаттык сактоо мекемелерине берилип, андан кийин

Ишкер Media
Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү долбоор Кожомкул айыл өкмөтү тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты — жер ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, калктуу конуштун аймагын пландаштырууну тартипке келтирүү, калк үчүн жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү жана

Ишкер Media