Ош менен Франциянын кызматташтыгы талкууланды
Кечээ Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдирди.
Анда Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.
Маалыматка ылайык, тараптар маданият, илим, инвестиция жана туризм тармактарында байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Буга удаа билим берүү демилгелерин ишке ашыруу, тарыхый-маданий мурастарын изилдөө, анын ичинде археологиялык долбоорлорду жүргүзүү багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Ошондой эле шаарга инвестиция тартуу жана Ош шаары менен Франциядагы аталышы окшош шаардын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү сунушу айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында өз ара кызыкчылыкка негизделген кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашылды.