Нарын облусунун бюджети 2,5 эсеге жогорулады

Нарын облусунун бюджети 2,5 эсеге жогорулады

Президент Садыр Жапаров 23-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы жылдарда аймакта социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу оң динамикасы камсыздалганын белгиледи.

2021-жылы облус бюджетинин көлөмү 960 млн сомду түзсө, былтыркы жылдын жыйынтыгы менен ал 2 млрд 334 млн сомдон ашты. Башкача айтканда, 2,5 эсеге өстү.

“Жыл сайын өсүп бараткан мындай көрсөткүчтөргө бюджет түзүүчү тармактарды тартипке келтирип, көзөмөлдү күчөтүп, жоопкерчиликке басым жасалгандыктан, улам жетишип келебиз. Мына ошондуктан, республиканын консолидацияланган бюджети 2025-жылы 1 трлн 100 млрд сомдон ашып олтурат. 
Нарын облусунун бюджети 2025-жылы 2,3 млрд сом болуп бекитилгени менен, жыл соңунда облуска 7 млрд 680 млн сом бөлүндү. Башкача айтканда, бекитилген бюджеттен 3 эсе көп каражат берилди. 
Натыйжада, республика аймагында көзгө көрүнөрлүк иш-аракеттер менен кошо бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин, анын ичинде Нарын облусундагы мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жана аскер кызматындагылардын маяналарын ырааттуу жогорулатууга жетиштик. Пенсионерлерибиз бүгүнкү күндө жашоо минимумунан жогору пенсия алышат”, - деди Президент.

Ал бүгүнкү күндө Жумгал районунун аймагында курулуш, жол, ирригация жана таза суу тармактарында 2 млрд 833 млн сомдук жумуштар жүрүп жатканын баса белгиледи. 

"Курулуш тармагында эле учурда 4 курулуш объектиси салынууда жана 14 социалдык объекти боюнча долбоордук-сметалык иш кагаздары даярдалып, жакынкы мезгилде курулуш иштери башталары күтүлүүдө. 
Соңку беш жылда мектеп, бала бакча, ФАП жана башка 15 социалдык объект пайдаланууга берилди. Райондун аймагындагы эл аралык маанидеги Түндүк – Түштүк альтернативдүү автожолунун 143 чакырымына асфальт басылса, акыркы 5 жылда курулуп жаткан бул жолдон үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен жана республикалык бюджеттен жалпы 35 чакырым ички жолго асфальт төшөлдү”, - деди Садыр Жапаров.

Ал учурда анын демилгеси менен мамлекеттик маанидеги Сары-Булуң –Миң-Куш автожолунун 22 чакырымына асфальт төшөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Район тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында АРИСтин Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын алкагында район аймагындагы 7 айылдын таза суу системасын реабилитациялоо жумуштары 595 млн 600 миң сомго жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары 3 айылга таза суу тартуу боюнча тендер жарыяланып, жеңүүчүсү аныкталып, келишим түзүлдү. 8 айылдын таза суу системасын куруу боюнча иш кагаздары даярдалууда.

Президент ирригацияны өнүктүрүү маселелерине токтолуп, Жумгал районунда соңку беш жылда сугат тармагында жалпы суммасы 1 млрд 18 млн 599 миң сомго жакын иштер аткарылганын айтты. 

Быйыл “Түгөл-Сай” суу сактагычын ишке берүү пландалган. Мунун натыйжасында 3208 гектар жерге сугат суусун берүү жакшыртылып, 1500 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.

 

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө жаңы үлгүдөгү 20 жана 50 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Өлкөдө жаңы үлгүдөгү 20 жана 50 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Бүгүндөн тартып Кыргызстанда 2026-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 50 сом номиналындагы жаңы банкноттор жүгүртүүгө киргизилди. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы банкноттор "Борбор-Азия Корголгон Басма Басмаканасы" ЖЧКсы тарабынан даярдалган. Банкноттордун дизайнында олуттуу өзгөрүү жок. Алардын алдыңкы бетинде тарыхый инсандардын портреттери, арткы бетинде тарыхый-маданий объектилер

Ишкер Media
Ош менен Франциянын кызматташтыгы талкууланды

Ош менен Франциянын кызматташтыгы талкууланды

Кечээ Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдирди. Анда Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Маалыматка ылайык, тараптар маданият, илим, инвестиция жана туризм тармактарында байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Ишкер Media
Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкек шаарында 28-октябрдан тарта жылытуу сезону башталат. Учурда муниципалдык "Бишкек ЖЭБ" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ишканалары жылуулук берүүгө даяр. "Бишкек ЖЭБ" мекемеси билдиргендей, имараттар жылуулук берүү тутумуна этап-этабы менен кошула баштайт. Биринчи кезекте жылуулук мектептерге, бала бакчаларга жана саламаттык сактоо мекемелерине берилип, андан кийин

Ишкер Media
Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү долбоор Кожомкул айыл өкмөтү тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты — жер ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, калктуу конуштун аймагын пландаштырууну тартипке келтирүү, калк үчүн жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү жана

Ишкер Media