Ат-Башыда 4 жыл ичинде 910,9 млн сомго 17 объект курулган

Ат-Башыда 4 жыл ичинде 910,9 млн сомго 17 объект курулган

Президент Садыр Жапаров 24-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ат-Башы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалары жана перспективдүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондун акими Мухтар Шербаев Мамлекет башчысына акыркы жылдары ишке ашырылган инфраструктуралык долбоорлор, калктын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча чаралар жана районду мындан ары өнүктүрүү пландары тууралуу презентация жасады.

2021-2025-жылдар аралыгында Ат-Башы районунда жалпы суммасы 910,9 млн сомдук 17 объект ишке ашырылганы белгиленди. Алардын катарында эки мектеп, беш бала бакча, эки спорт залы, жети административдик имарат, ошондой эле асфальт-бетон заводу курулуп, пайдаланууга берилген.

Жол инфраструктурасы жаатында олуттуу иштер аткарылды. Отчеттук мезгилде 68 чакырым унаа жолуна асфальт төшөлүп, эки көпүрө курулуп, жол-эксплуатациялык ишканалардын эки тилкеси ачылды.

Ирригация системасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул максаттарга 61,5 млн сом багытталган. Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында “Сары-Коо” насостук станциясыоңдолуп, көлөмү 1 млн куб метр болгон “Чет-Келтебек” он күндүк жөнгө салуучу бассейнинин курулушу, ошондой эле “Ичке-Таш-Рабат”, “Чекенди” жана “Сары-Тал” ирригациялык каналдарынын курулушу жүрүүдө.

Калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо маселелери чечилүүдө. Кара-Суу, Жибек-Жолу, Ат-Башы жана Ак-Жар айылдарындагы тиешелүү долбоорлорду ишке ашырууга 705,5 млн сом жумшалды. 

Презентация учурунда райондун өнүгүшүнө кошумча түрткү берүүчү келечектеги демилгелер сунушталды. Сунушталган долбоорлордун жалпы наркы 885 млн сомду түзөт.

Алардын арасында Калкты тейлөө борборунун, санариптик борбордун, кардиология борборунун, мал чарбачылыгын комплекстүү өнүктүрүү станциясынын, Ат-Башыдагы заманбап мал базарынын, борбордук стадиондун, ошондой эле үй-бүлөлүк эс алуу паркынын курулушу бар. 

Презентациянын жыйынтыгын чыгарып жатып, Президент Садыр Жапаров сунушталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн дээрлик 1 млрд сом талап кылынарын белгиледи. Мамлекет башчысы акыркы жылдары республиканын көптөгөн райондоруна инфраструктураны жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө олуттуу каражаттар, анын ичинде 1 млрд сомго чейин бөлүнгөндүгүн баса белгиледи.

Буга байланыштуу Мамлекет башчысы келерки жылы республикалык бюджеттен Ат-Башы районуна 1 млрд сом өлчөмүндө кошумча каржылоо караштырууну тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө жаңы үлгүдөгү 20 жана 50 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Өлкөдө жаңы үлгүдөгү 20 жана 50 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Бүгүндөн тартып Кыргызстанда 2026-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 50 сом номиналындагы жаңы банкноттор жүгүртүүгө киргизилди. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы банкноттор "Борбор-Азия Корголгон Басма Басмаканасы" ЖЧКсы тарабынан даярдалган. Банкноттордун дизайнында олуттуу өзгөрүү жок. Алардын алдыңкы бетинде тарыхый инсандардын портреттери, арткы бетинде тарыхый-маданий объектилер

Ишкер Media
Ош менен Франциянын кызматташтыгы талкууланды

Ош менен Франциянын кызматташтыгы талкууланды

Кечээ Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдирди. Анда Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Маалыматка ылайык, тараптар маданият, илим, инвестиция жана туризм тармактарында байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Ишкер Media
Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкек шаарында 28-октябрдан тарта жылытуу сезону башталат. Учурда муниципалдык "Бишкек ЖЭБ" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ишканалары жылуулук берүүгө даяр. "Бишкек ЖЭБ" мекемеси билдиргендей, имараттар жылуулук берүү тутумуна этап-этабы менен кошула баштайт. Биринчи кезекте жылуулук мектептерге, бала бакчаларга жана саламаттык сактоо мекемелерине берилип, андан кийин

Ишкер Media
Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү долбоор Кожомкул айыл өкмөтү тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты — жер ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, калктуу конуштун аймагын пландаштырууну тартипке келтирүү, калк үчүн жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү жана

Ишкер Media