Нарын шаарынын бюджети 350 млн сомго жетти

Нарын шаарынын бюджети 350 млн сомго жетти

Президент Садыр Жапаров 24-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарынын жана Нарын районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ошондой эле аймакты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган келечектүү долбоорлор менен таанышты. 

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, Мамлекет башчысына маалыматты Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров айтып берди. 

Презентация учурунда акыркы жылдары аймакта инфраструктураны өнүктүрүү, социалдык объектилерди куруу жана инвестицияларды тартуу боюнча иштер бир топ жанданганы белгиленди.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн маалыматы боюнча, Нарын шаарынын бюджети 350 млн сомго жетти, бул жүргүзүлүп жаткан иштердин көлөмүн олуттуу көбөйтүүгө жол ачты. Учурда шаарда саламаттыкты сактоо мекемелери, спорт объектилери, социалдык инфраструктура объектилери жана негизги шаардык көчөлөр сыяктуу 43 объект бир учурда курулуп жана оңдолуп жатат.

Жарандарды турак жай менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Шаарда жалпы наркы 750 млн сомду түзгөн мамлекеттик ипотекалык үйлөрдү куруу программасы ишке ашырылууда. Мындан тышкары инвесторлор ооруканаларды, турак үйлөрдү, ишканаларды жана башка социалдык маанилүү объектилерди курууда. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте көпүрөлөрдү куруу жана кеңейтүү, ошондой эле шаар инфраструктурасынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу уланып жатат.

Нарын шаарындагы жылуулук станциясын оңдоп-түзөө жана заманбап жылуулук насосторун киргизүүнү камтыган жылуулук менен камсыздоо тутумун модернизациялоо долбоору тууралуу да айтылды.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, балдар аянтчаларын куруу жана шаардык сейил бакты оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Нарын районун өнүктүрүүнүн натыйжалары да көрсөтүлдү. 2021–2025-жылдары анын аймагында жалпы суммасы 714,2 млн сомду түзгөн 40 объект ишке киргизилген, анын ичинде мектептер, фельдшердик-акушердик пункттар, бала бакчалар, спорттук объектилер жана мини-футбол аянтчалары бар. 

Жол тармагында 48,7 чакырым жол асфальтталган жана көпүрө курулган. Ирригация жаатында 323,7 млн сомдук долбоорлор ишке ашырылып, 21 чакырым канал оңдолгон. Райондун он айылында жалпы наркы 615 млн сом болгон ичүүчү суу менен камсыздоо системалары модернизацияланды.

Райондо өнөр жай өндүрүшү туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 8,6 млрд сомго чейин көбөйдү. Инвесторлорду тартуу менен 3,5 млрд сомдук Куланак ГЭСин, 875 млн сомдук 20 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын жана кирпич заводун куруу долбоорлору ишке ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, айтыш 2-4-сентябрда өтүп, ага Кыргызстандын жана Казакстандын төкмө акындары катышат. Маданият министрлигинин айтымында, сынактын жалпы байге фонду 3 000 000 сомду түзөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл

Кызыл-Шарктагы спорт залдын имараты өрттөн кийин инженердик текшерүүдөн өттү

Кызыл-Шарктагы спорт залдын имараты өрттөн кийин инженердик текшерүүдөн өттү

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы Оштогу Кызыл-Шарк айылындагы спорт залдын имаратына текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, инженердик-техникалык текшерүү Савай айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде жана имаратта катталган өрт кырсыгынан кийин анын техникалык абалын баалоо максатында өттү.

Ак-Сай өрөөнүндө 20 ишкерге экологиялык талаптар түшүндүрүлдү

Ак-Сай өрөөнүндө 20 ишкерге экологиялык талаптар түшүндүрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы Ак-Сай өрөөнүнүн Көк-Кыя аймагында экологиялык талаптардын сакталышы боюнча мониторинг жүргүздү. Ведомствонун маалыматына ылайык, мониторинг учурунда аймакта жалпы 56 жаран каттоодо турганы, алардын 20сы жеке ишкерлик менен алектенери аныкталды. Ишкерлерге нормативдик төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча эскертмелер берилип, калдыктарды туура башкаруу

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Баткен облусунун Лейлек районундагы иш сапарынын алкагында 26-августта Тогуз-Булак айыл аймагына барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тургундар социалдык, экономикалык жана инфратүзүмдүк маселелерди көтөрүп, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Ошондой эле депутат Раззаков–Гордой–Кекире унаа жолунун жана Миң-